"Азаттыктын" иликтөөчү-журналисти Уланбек Эгизбаев каза болду

23 июля 2018 05:33 4722 Barometr
Поделиться в:
ok

22-июлда шум ажал арабыздан эң мыкты кесиптешибизди, "Азаттыктын" иликтөөчү-журналисти Уланбек Эгизбаевди алып кетти. Кайгылуу кабарды "Азаттыктын" сайтында кабарлашты.

"Азаттыктын" маалыматы боюнча, ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, окуя бүгүн түштө Ысык-Көлдө болду. Ал сууга чөгүп, ооруканага жеткенде үзүлгөнү айтылды.

Уланбек 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы Бишкек гуманитардык университетинин саясат таануу багыты боюнча магистратурасын аяктаган.

“Азаттык” радиосунун сайтындагы алгачкы блогу 2013-жылы жарыяланган.

Ал “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн мыкты иликтөөлөрдү жасап келди.

2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

Жакында эле белгилүү журналист, публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгын алган.

Соңку иликтөөлөрүнөн Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайы, ушул эле музейди жаңылоого жумшалды деген 1,5 млрд сомдун дайыны, Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалар, борбор калаадагы жер бизнеси тууралуу телепрограммаларын атоого болот.

Ссылка: https://barometr.kg/azattyktyn-iliktch-zhurnalisti-ulanbek-egizbaev-kaza-boldu



Добавить комментарий