Авиакырсыктан кийин Алматынын кан борборунда кезекке тургандар арбыды
Алматы шаарынын жашоочулары кан борборуна кезекке туруп, кан тапшырып жатышат. Алар Bek Air авиакомпаниясынын учагы кырсыкка учураганда жапа чеккендер жүргүнчүлөргө жардам берүү максатында кан берип жатышат.
Шаардагы Трансфузиология илимий-өндүрүштүк борбору кан донорлорунун запасы жетиштүү экенин, кан берүү зарылдыгы тууралуу билдирүүлөрдү таратпоону өтүнгөнүн жергиликтүү басылмалар жазды.
Учурда кан борборлорунда кан берип жаткандардын баары өз ыктыяры менен келишкен шаардыктар экенин аталган борбордон айтышкан.
Эске сала кетсек, бүгүн, 27-декабрда саат 07-22де № Z2100 каттамындагы Алматы - Нур-Султан багытындандагы Bek Air авиакомпаниясынын учагы кулап, бетон тосмого келип урунган.
Түшкү сааттарга карата каза болгондордун саны 15ке жеткен.
Учактын бортунда 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери да болгон.
Кырсыкта жүргүнчүлөрдүн катарында 1983-жылы туулган К.М. аттуу кыргыз жараны болгон. Ал учурда Алматы шаардагы №1 оорукананын травмотология бөлүмүндө дарыланып жатат. Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдуктун өкүлдөрү бүгүн анын абалынан кабар алып, абалы канааттандырарлык экенин билип кайтышкан.
Ондогон адам курмандыктарга алып келген кырсыкка байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын элине көңүл айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/aviakyrsyktan-kijin-almatynyn-kan-borborunda-kezekke-turgandar-arbydy
Добавить комментарий ×