Учак кырсыгындагы курмандыктарга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков казак элине көңүл айтты

27 декабря 2019 15:19 575 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын элине учактын кулашынан улам адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Казакстан Республикасынын Алматы-Нур-Султан аба каттамындагы кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм.

Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм», — деп айтылат президент Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуу телеграммасында.

Ссылка: https://barometr.kg/uchak-kyrsygyndagy-kurmandyktarga-bajlanyshtuu-sooronbaj-zheenbekov-kazak-eline-kl-ajtty



Добавить комментарий