Алматыда учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандык жарандын абалы канааттандырарлык
Алматыда кыйроого учураган учакта жабыркаган Кыргызстандын жаранынын абалы канааттандырарлык. Бул кабарды өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык Кыргызстандын башкы консулдуктун өкүлдөрү бүгүн Алматы шаардагы №1 оорукананын травмотология бөлүмүндө жаткан жараныбыздан кабар алышкан.
Учакта жүргүнчү катары келаткан 1983-жылы туулган К.М. аттуу кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык экенине күбө болушкан.
Эске сала кетсек, бүгүн, 27-декабрда саат 07-22де № Z2100 каттамындагы Алматы - Нур-Султан багытындандагы Bek Air авиакомпаниясынын учагы кулап, бетон тосмого келип урунган. Учактын бортунда 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери да болгон. Арасында бир кыргызстандык болгон.
Түшкү сааттарга карата каза болгондордун саны 15ке жеткени айтылууда.
Добавить комментарий ×