Атамбаев Дача-Суу айылына кулаган сырдуу жүк тууралуу: Раисанын алтындары болсо эчак эле ачыкка чыкпайт беле

11 декабря 2018 10:15 4330 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Дача-Суу айылына кулаган учак Раиса Атамбаевага тиешелүү болгон деп буга чейин айтылып келген сөздөргө Атамбаев: "Бул карандай жалган жана ушак"-деди. Бул тууралуу "Апрель" телеканалына интервью берип жатып айтты. 

"Ошол кезде жүк Раиса Атамбаевага тиешелүү экен деген ушакты тараткандарды мен жакшы билем. Бул карандай калпты Текебаев дагы айткан. Эгер Раисанын алтындары, байлыктары болсо эчак эле ачыкка чыкпайт беле. Эч нерсе таппай жатышат. Ошон үчүн мага карата каралоо курал болуп калды десем болот. Мындай жалган жалааны көтөрө албай жубайым алты ай капельницада жатып калган. Ал кезде түрктөр мага таарынып жүргөн. Биринчиден учак түрк компаниясына тиешелүү болсо, анан кайдан учакта биздин байлык болмок эле. Ушак сөз бул-исламда да айтылат, ушак сүйлөсөң, тирүү кишинин этин жегенге барабар дейт"-деди экс-президент айыл үстүнө кулаган сырдуу жүк тууралуу. 

Эске салсак, Түркияга таандык жүк салынган Boeing-747 учагы "Манас" аба майданынын учуу-конуу тилкесине жетпей, болжол менен эртең мененки саат 7:00 чамаларында "Авиатор" багбанчылык коомунун үстүнө кулаган. Бул Дача-Суу айылынын аймагы болгон. Кырсыктан 39 адам каза таап, 26 турак-жай бузулган.

Ссылка: https://barometr.kg/dacha-suu-ajylyna-kulagan-syrduu-zhk-tuuraluu-atambaev-achygyn-ajtty



Добавить комментарий