Бекназаров, Келдибеков жана Дүйшөбаев Атамбаевдин айткан сөзү боюнча Апрель каналын сотко берди

27 декабря 2018 12:15 1426 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ахматбек Келдибеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясатчы Азимбек Бекназаров "Апрель" телеканалын сотко берип, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сөзү боюнча 18 миллион сом талап кылышты. 

Бул тууралуу Дмитрий Ложников  "Фейсбуктагы" баракчасына жазды жана бул маалыматты КСДПдан тастыкташты.

Буга чейин Келдибеков жергиликтүү “NUR TV” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку айткандары боюнча аны сотко бере турганын айткан. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалындагы маегинде Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаевдер өлкөдөгү ыңкылыптардан пайда көрүүнү эңсеп турганын жана  Келдибековду коррупцияга байланыштуу деп айыптаган.


Ссылка: https://barometr.kg/beknazarov-keldibekov-zhana-djshbaev-atambaevdin-ajtkan-sz-boyuncha-aprel-kanalyn-sotko-berdi



Добавить комментарий