“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү тизмеден чыгарылды

27 декабря 2019 12:04 1406 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шерди партиянын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинен чыгарды.

Мындай чечимди БШК бүгүнкү отурумунда кабыл алды.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин алар өз ыктыяры менен аталган партиянын катарынан чыгуу боюнча БШКга кайрылышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/ata-meken-partiyasynyn-mchlr-tizmeden-chygaryldy



Добавить комментарий