Аскерге альтернативдик кызмат өтөөгө 10 миңден ашык адам чакырылат

17 сентября 2021 11:48 1807 Barometr
Поделиться в:
ok

Аскерге тез кызмат өтөөгө 3 миңден, ал эми альтернативдик кызмат өтөөгө 10 миңден ашык адам чакырылат. Бул тууралуу Башкы штабдын башкы уюштуруучулук-мобилизациялык башкармалыгынын башчысы Канатбек Шамыров Бишкекте болгон басма сөз жыйынында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, биринчи кезекте аскерге кызмат өтөөгө 20 жаштан жогору, жогорку жана орто окуу жайларды бүткөн кыргызстандыктар чакырылмакчы.

Канатбек Шамыров 18 жаштан 25 жашка чейинки курактагы, аскердик чакырыктан бошотулбаган жарандар жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө тийиш экенин эскертти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда күзгү аскерге чакыруу 1-сентябрдан тартып башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/askerge-alternativdik-kyzmat-tg-10-miden-ashyk-adam-chakyrylat



Добавить комментарий