Кыргызстанда “Чек-2021” аскердик машыгуулары башталды

7 сентября 2021 13:05 1468 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Борбор Азия аймагы боюнча тез аракеттенүү күчтөрүнүн “Чек-2021” деп аталган аскердик машыгуулары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Артур Темировдун жетекчилиги менен өтүп жаткан машыгууларга Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Бириккен штабдын, ЖККУнун катчылыгын аскер контингенттери жана ыкчам топтору, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин УКМКнын Чек ара кызматынан атайын бөлүктөрү катышууда.

Баардыгы болуп машыгууга 1000 аскер катышып жатат. Ошондой эле 150 аскердик жана атайын техника, анын ичинде залп берүүчү реактивдүү системалар, Су-30СМ истребителдери, Су-25 штурмовиктери жана Ми-8 тик учактары жүрүшкө тартылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-chek-2021-askerdik-mashyguulary-bashtaldy



Добавить комментарий