Асхат Оморов: Аскерлердин айлыгын жогорулатышты, бирок баары бир жетишпейт

24 сентября 2021 11:28 1900 Barometr
Поделиться в:
ok

Аскер кызматкерлеринин айлыгы 1-августтан тартып жогорулады. Офицерлердин айлыгы 50 пайызга, сержанттардыкы 30 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Коргоо министрлигинин каржы башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Оморов билдиргенин "Барометр" маалымдайт.

“Эгерде мурда взводдун командири 7 миң 600 сом алса, азыр 12 миң сом алат. Эгерде бригаданын командири 9 миң сом алса, жогорулатылгандан кийин ал 14 миң сом алып калды”,-деп айтты орун басар.

Бирок айлык жогорулатылгандан кийин да аскерлерге бул айлык жетишпесин айтты.

“Өлкөдө орточо айлык 18 миң сом, ал эми командирлер жана андан жогору тургандар дагы 12 миң сом алат, башкача айтканда орточодон төмөн. Албетте айлык көбөйтүлгөнү жакшы, бирок баары бир жетишпей жатканы сезилет. Биз аскерлерди социалдык кепилдендирүүнү камсыздаш үчүн ишти улантып жатабыз”,-деп айтты ал.

Ал аскерлердин айлыгы жогорулагандан кийин кадрлардын кетип калуусу азаят деген ниетин дагы кошумчалады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ashat-omorov-askerlerdin-ajlygyn-zhogorulatyshty-birok-baary-bir-zhetishpejt



Добавить комментарий