Асеин Исаев Индиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

24 января 2019 10:51 1380 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 Исаев Асеин Кусеинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди. 

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Асеин Исаев 1963-жылы 22-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Философия илимдеринин кандидаты. 2015-жылдан баштап Франция жана Бенилюкс мамлекеттеринде Кыргызстандын элчиси болуп кызмат өтөп келген. 

Эмгек жолу:

1986-1989 — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучу;

1994-1995 — Тышкы иштер министрлиги, КМШ башкармалыгы, атташе, үчүнчү катчы;

1995-1998 — Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги, экинчи катчы, биринчи катчы;

1999-2001 — Президенттин адимнистрациясы, президенттин маалымат кызматы, референт;

2001-2002 — Тышкы иштер министрлиги, эл аралык коопсуздук башкы башкармалыгы, жетекчи;

2002-2005 — Кыргызстандын Индиядагы элчилиги, кеңешчи;

2005-2005 — Тышкы иштер министрлиги, эл аралык экономикалык кызматташууну пландоо башкармалыгы, жетекчинин орун басары;

2005-2009 — Тышкы иштер министрлиги, КМШ департаменти, директор;

2009 — Тышкы иштер министрлиги, статс-катчы;

2010-жылдын 25-ноябрынан тарта Тышкы иштер министрлигинде статс-катчы;

Үй-бүлөлүү.



Ссылка: https://barometr.kg/asein-isaev-indiyanyn-atajyn-zhana-yjgarym-ukuktuu-elchisi-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий