Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына иш сапары менен барат
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков бүгүн, 7-декабрдан 9-декабрга чейин Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет..
Артем Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт
Артем Новиков ошондой эле жумушчу сапардын алкагында ушул жылдын 8-декабрында Өзбекстандын Фергана шаарында өтө турган Кыргызстандын өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат.
Иш сапардын соңунда Артем Новиков «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышат.
Ссылка: https://barometr.kg/artem-novikov-batken-zhana-osh-oblustaryna-ish-sapar-menen-barat
Добавить комментарий ×