Араванда болгон жол кырсыгынан үч адам каза тапты
Поделиться в:
Ош областынын Араван районунда болгон жол кырсыгынан үч адам каза тапты. Бул тууралуу Ош областы боюнча жол коопсуздугун уюштуруу башкы башкармалыгы кабарлады.
Каза тапкандардын арасында 2019-жылы туулган наристе дагы бар.
Toyota Ipsum жана ВАЗ 21-06 унаасы кагылышкан кырсык 7-майда Араван районунун Ачы айылында саат 16.00дө болгон. Жаракат алгандан улам 49 жаштагы айдоочу, 60 жаштагы жүргүнчү жана 2019-жылы туулган наристе каза тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/aravanda-bolgon-zhol-kyrsygynan-ch-adam-kaza-tapty
Добавить комментарий ×