Апрелде пенсия менен жөлөк пулдар эрте таратылат

3 апреля 2020 11:16 1813 Barometr
Поделиться в:
ok

9-апрелде республика боюнча почта байланыш бөлүмдөрү ачылат. Почтальондор ошол эле күнү пенсиялар менен жөлөк пулдарды алуучуларга жеткире баштайт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, COVID-19 алдын алуу жана болтурбоо максатында бардык унаалар жана имараттар  дезинфекцияланды, почтальондорго атайын кийимдер, көп жолу колдонулуучу беткаптар, кол каптар жана антисептиктер берилген.

“Каттоо кызамтынын алдындагы “Кыргыз почтасы” ишканасы жарандарды үйдө калууга чакырат, почтальондор ар бир алуучуга соцтөлөмдөрдү үймө-үймө жеткиришет. Зарыл болсо, алар дем алыш күндөрү да иштөөгө даяр”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, почта кызматы ошондой эле дары-дармектерди жана азык-түлүктөрдү жеткирүү кызматтарын да көрсөтүшөт.

Буга чейин Социалдык өнүгүү министрлиги жөлөк пулдар менен социалдык төлөмдөр өз убагында, бекитилген график боюнча ишке ашарын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/aprelde-pensiya-menen-zhlk-puldar-erte-taratylat



Добавить комментарий