Аскер кызматкерлеринин пенсиясы 1-3 миң сомго чейин көбөйтүлдү

24 сентября 2021 12:02 1781 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 1-августтан тартып аскерлердин пенсиясын орточо алганда 1000-3000 сомго чейин жогорулатышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин пенсиялык бөлүмүнүн башчысы Ханзада Осмоналиева басма сөз жыйынында маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, учурда аскер кызматкеринин эң аз пенсиясынын көлөмү 5000 миң сомду түзөт.

Аскер кызматкеринин пенсиясы кызмат өтөгө жылына жана кызматына карап берилет.

“Пенсионерлерге эч кандай жеңилдиктер жок”,-деп айтты бөлүм башчы.

Ссылка: https://barometr.kg/asker-kyzmatkerlerinin-pensiyasy-1-3-mi-somgo-chejin-kbjtld



Добавить комментарий