Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган почта маркасы чыгарылды

25 августа 2021 15:45 1386 Barometr
Поделиться в:
ok

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 30-августта “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына 30 жыл” деген аталыштагы жаңы почта маркасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинен кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Марканын сүрөтчү-дизайнери Каныбек Турумбеков болуп саналат. Мааркелик марканын дизайны улуттук салттардын духунда жасалган. Негизинен түндүктүн сүрөтү жана 30 саны чагылдырылган.

“Марка Кыргызстандын жаратылышн таанытууга багытталган. Почта маркасынын номиналы 66 сом. Тиражы 6 миң серия. Почта маркалары Белорусияда басылып чыгарылды”,-деп айтылат маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/egemendiktin-30-zhyldygyna-arnalgan-pochta-markasy-chygaryldy



Добавить комментарий