Анжелика: Кызым Айымага операция ийгиликтүү жасалды

6 февраля 2021 11:05 13103 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика кызы Айымага операция ийгиликтүү жасалганын айтып, дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Айыма операциядан ойгонду, калганын убакыт көрсөтөт. Биринчиден Кудайыма ыраазымын.

Экинчиден миңдеген адамдарды бутунан тургузган, “алтын колдуу” дарыгер Сабырбек Жумабековго жана анын командасына ыраазымын.

Мага, Айлинге, Айыма үчөөбүзгө тең Сабырбек Жумабеков өзү операция жасап, жашоого чоң үмүт берди.

Сиздердин батаңыздар менен буюрса төртөөбүз тең бутубуздан туруп, басып кетебиз деп ишенем”, - деп жазды ырчы.

Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ырчы жана анын кичүү кызы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анжеликага жана кызы Айлинге Бишкекте операция жасалган. Ал эми улуу кызы Айыманын моюун омурткалары сынып кеткендиктен, алдыда операция жасалары күтүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-kyzym-ajymaga-operaciya-ijgilikt-zhasaldy



Добавить комментарий