Анжелика: Алдыда дагы бир оор операция улуу кызым Айымага жасалат

27 января 2021 13:32 12010 8 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика жакында улуу кызы Айымага оор операция жасаларын айтты. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Туугандарым ыйлап келип, ыйлап кетип жатышат. Кантип аларды соороторумду билбейм.

Эми алдыда дагы бир чоң операция күтүп жатат. Чоң кызым Айымага жасала турчу операция.

Жаратканым жар болсун. Элим бизге дуа кылып коюңуздарчы”, - деп жазды ырчы.

Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ырчы жана анын кичүү кызы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анжеликага жана кызы Айлинге Бишкекте операция жасалган

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-aldyda-dagy-bir-oor-operaciya-uluu-kyzym-ajymaga-zhasalat



Добавить комментарий

  • Анжелика, сен күчтүү айымсың!Баарыбыз кудайдын колундабыз, кулайым шыфасын берсин! Айыма сакайып кетет деп ишенебиз! Баары жакшы болот.
  • Аллахым озу жар болсун.Шыпаасыны берсин🤲
  • Жаратканым шыпаасын берсин, тезирек сакайып чыккыла. Сабыр берсин жаратканым, ушуну менен баардык жаман нерсе чыгып кетсин!
  • Гулжамал 3 года назад
    Анжелика айланайын аман эсен айыгып кеткиле Кудайым шыпаасын берсин кызын тез эле чуркап кетсин кичине чыдап койгула
  • Анжелика кыздарын,озун айыгып кеткиле 🤲🤲🤲.Алла шыфаасын берсин🤲
  • Кудай айыктыруучу, Ал башкы дарыгер. Ал Өзү же сонун кылып айыктырсын деп суранабыз. Оомийин.
  • Аллах шыпаасын берсин.Айлиндин операциясы Аман отуп баары жакшы болсун
  • Гульнара 3 года назад
    Анжелика кудай сага күч кубат берсин силерди убакыт дарылайт сен күчтүү аялсың баарын жеңесин буйруса кудай шыпаасын берсин