Алып баруучу Эркин Рыскулбеков коронавирус жугузуп алдыбы? (Сүрөт)

26 июня 2020 13:36 2921 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Эркин Рыскулбеков өзүн жаман сезип экинчи ирет коронавируска тест тапшырды. Бул тууралуу маалыматты алып баруучунун социалдык баракчасына таянуу менен “Барометр” билдирет.

“Төрт күндөн бери даам жана жытты сезбей жатам. Түндө чыйрыгып, өзүмдү жаман сезип 118 кызматына чалдым. Бир саат аралыгында келишти. Анализимдин жыйынтыгы 2 күндөн кийин чыгат дешти. Рахмат дарыгерлерге. Өзүңөрдү карагыла”, - деп жазган Рыскулбеков.

Эскерте кетсек, 17-июнда Рыскулбековдун эжесине жана анын балдарына коронавирус жукканын алып баруучу өзү ачыктаган. Анда Рыскулбеков вируска каршы тест тапшырып, анын жыйынтыгы таза чыккандыгын тастыктаган сүрөт жүктөгөн эле.


Ссылка: https://barometr.kg/alyp-baruuchu-erkin-ryskulbekov-koronavirus-zhuguzup-aldyby-srt



Добавить комментарий