Алып баруучу Эркин Рыскулбековдун эжесине жана анын балдарына коронавирус жукту
Поделиться в:
Белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбековдун эжесине жана анын балдарына коронавирус жукту. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Коронавирус менин үй-бүлөсүмө да жетти. Бир тууган эжем жана анын 3 баласы вирусту жуктуруп алышты. Эжем обсервацияга жатты, балдары (симптомсуз) үй карантинине алынды. Бардык коюлган талаптарды аткаргыла. Бул тамаша эмес. Мен азыр абдан коркуп жатам. Өлкөм үчүн тиленип жатам”, - деп жазган алып баруучу.
Ошондой эле, Рыскулбеков вируска каршы тест тапшырып, анын жыйынтыгы таза чыккандыгын тастыктаган сүрөт жүктөдү.
Добавить комментарий ×