"Альянс Алтын" Талас районундагы дарыядагы ири муз тыгынын жоюуга жардам берди

30 января 2023 19:20 Barometr
Поделиться в:
ok

Жерүй алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясы Каракол дарыясындагы 1500 метр узундуктагы муз тыгынын жоюуга жардам берди. 

Буга чейин, Каракол дарыясында муз тыгыны пайда болуп, суунун деңгээли көтөрүлүп, Көпүрѳ-Базар айылында 50гө жакын үйдү каптап кетүү коркунучу жаралган. 

Буга байланыштуу,  Талас облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. ӨКМдин техникасы музду жарууга күчү жетпей, ӨКМдин кызматкерлери «Альянс Алтын» ишканасына кайрылышкан. Ишкананын жетекчилери дароо атайын техниканы — Cat 336 экскаваторун, аны ташуу үчүн трал жана оператор бөлүштү. 

 

Белгилей кетсек, Талас облусунда мындай атайын техникалар бир гана «Альянс Алтында» бар. 

Кырдаалды жөнгө салуу иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, райондук бийлик, айыл өкмөттөр жана башка мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте күнү-түнү жүргүзүлдү. 


«Альянс Алтын» 1000 литрге жакын дизель майын сарптады, бирок үч күндүн ичинде муз тыгыны ийгиликтүү жоюлду!   Ал жерден 20 миң кубга жакын муз чыгарылды.   

Көпүрѳ-Базарды башка калктуу конуштар менен байланыштырган көпүрөнүн бузулуу коркунучунун алдын алынды. Айыл тургундары көйгөй абдан курч болгонун белгилешип, дарыянын муздан тез арада тазаланганына ыраазы болушууда.    

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-talas-rajonundagy-daryyadagy-iri-tygyndy-zhoyuuga-zhardam-berdi



Добавить комментарий