«Альянс Алтын» бюджетке 9,7 млн сомдук дайыма төгүлө турган экологиялык төлөмдөрдү төктү

29 сентября 2021 19:10 851 Barometr
Поделиться в:
ok

2021-жылдын экинчи кварталы үчүн Джерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому Талас аймактык айлана-чөйрө башкармалыгына дайыма төгүлө турган экологиялык төлөм катары 9,7 млн сомду төктү.

Мындан тышкары атайын рекультивациялык фондго 1 млн 215 миң сом которулду.

9-сентябрга карата атайын эсепке 26 млн 730 миң сом топтолду.

Ошондой эле экинчи кварталда экологияны жана маданий мурастарды коргоо үчүн бир катар чаралар кабыл алынды.

Автоматташтырлган метеостанция (АМС) калдык сактоочу жай жайгаштырылган кайра иштетүү комплексинин аймагына ортотулду.

Ал автоматтык режимде негизги климаттык параметрлерди каттап турат, алар көз ачып жумганча маалымат алуу жана кайра иштеп чыгуу үчүн Жерди прикладдык изилдөө боюнча борбор азиялык институтка жөнөтүлөт. 

Колун-Эмбес капчыгайындагы «Бакай» күмбөзү тарыхый-маданий объектисинин айланасы тосулуп жана маалымат тактасы ортотулду.

«Бакай» күмбөзүнүн тосмосу


Калдык сактоочу жайдагы скважинага мониторинг жүргүзүлдү. Скважиналарда жер алдынан чыккан суулар табылган жок, бул калдык сактоочу жайга төшөлгөн геомембрананын бүтүн экенин тастыктап турат.  

Таза суу боюнча мониторинг жүргүзүлдү. «Джеруй» кенин чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоочу жер алдынан чыккан булактарга дагы мониторинг жүрдү. Ичүүчү суу коопсуздук көрсөткүчтөрүнө дал келет.     

“Чүй экологиялык лабораториясы” жоопкерчилиги чектелген коому квартал сайын жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде «Джеруй»  ишканасын иштетүү айлана-чөйрөгө тескери таасирин тийгизген жок деп маалымдады. 

  

 

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-byudzhetke-97-mln-somduk-dajyma-tgl-turgan-ekologiyalyk-tlmdrd-tkt



Добавить комментарий