“Альянс Алтын” 9-майдын урматына 420 миң сомдук материалдык жардам көрсөттү
9-май Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата “Альянс Алтын” компаниясы жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Талас областынын аймагындагы 317 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун катышуучуларына, майыптарына жана согуш ардагерлеринин жесирлерине 420 миң сомдук материалдык жардам көрсөттү.
Майрамдык иш-чаралардын биринчи бөлүгү 8-май күнү Талас районунун Чат Базар айылындагы Советтер Союзунун Баатыры А. Оторбаевдин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталып, Талас районунун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлдү. Ал эми 9-май күнү Талас шаарындагы борбордук аянтта областын ардагерлерине майрамдык маанай тартууланып, солдаттык ботко берилип, күч түзүмдөрүнүн жана областтык мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин атайын парады болуп өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-9-majdyn-urmatyna-420-mi-somduk-materialdyk-zhardam-krstt
Добавить комментарий ×