Алмазбек Атамбаев Россиядан кайтып келди

28 октября 2018 20:50 1296 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Россиядан кайтып келди. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды. 

Анда: "КСДПнын делегациясы толук курамда мекенине кайтып келди. Эми тынч уктасаңар болот. Ошентсе дагы айрымдарынын тынчын алды көрүнөт. Оюндагы нерселер иш жүзүнө ашса деп каалашты окшойт"-деп жазылган. 

Эске салсак, Атамбаев Россияга 22-октябрда учуп кеткен. Ал Москва шаарында боло турчу Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын Х башкы ассамблеясына катышты. Атамбаев учкан учакта мурдагы мэр Нариман Түлеев дагы болуп, ал экс-президент менен түшкөн селфисин Facebook  баракчасына жүктөгөн. Бул өз кезегинде интернет колдонуучуларынын арасында бир кыйла түрдүү пикирди жаратып, ал тургай Атамбаев кайра келбей тургандыгын дагы айтып чыгышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-atambaev-rossiyadan-kajtyp-keldi



Добавить комментарий