Атамбаев Москвага эмнеге барат?
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын башкы ассамблеясына катышуу үчүн Москва шаарына барат. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, иш чара 24-27-октябрда өтүп, анда Азиянын, Африканын жана Латын Американын алдыңкы саясий лидерлери жана эл аралык өкүлдөр ар кандай темадагы маселелерди, дуйнөлүк экстремизм менен курөшүү жолдорун талкуулашат.
Андан сырткары көз карандысыз мамлекеттердин ички саясатына кийлигишпөө тууралуу тегерек стөл өтмөкчү жана партиялар аралык сүйлөшүүлөр дагы болот.
Маалыматта экс-президент 28-октябрда Бишкекке кайта турганы айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-moskvaga-emnege-barat
Добавить комментарий ×