Тюлеев менен Атамбаевдин сүрөтү. Эки "кочкордун башы" бир учакта селфи кылды
Мурунку Бишкек шаарынын мэри Нариман Тюлеев жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учакта жылмайып биргеликте түшкөн селфиси социалдык баракчаларда чоң талкууну жаратты. Көпчүлүгү "эки кочкордун" бир учакта баштары биригип калгандарына акылдары сыйбай "маң" болуп, таң калып жаткан учуру. Дегенибиз, кезинде экөө бири-бирин "жанындай көргөн", башкача айтканда массалык маалымат каражаттары аркылуу бири-бирине көө шыбап, сөгүшкөнгө чейин барышкан саясаттын фигуралары эми мынтип жанашып, бир учакта учуп калгандары тагдырдын тамашасын кайталап жаткандай сезилет.
Атамбаев президент болуп турган мезгилде шаардын мэри Тюлеев "Мени мыйзамсыз жазага тартып жатат, Атамбаевди кечирбейм, жада калса аны менен дааратканага дагы чогуу барбайм"-деген сөзү бар эле.
Ал эми КСДП партиясы Тюлеевди Атамбаевден кечирим сурады деп айтып чыгышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/tyuleev-menen-atambaevdin-selfisi-eki-kochkordun-bashy-bir-uchakta-selfi-kyldy
Добавить комментарий ×