Алмазбек Акматалиев: Партиялар Форма 2 документин өз электоратын сатып алууга колдонуп жатат

14 сентября 2020 15:30 1141 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Шайлоо алдында партиялар өз кызыкчылы үчүн Форма 2 документин курал катары колдонуп жатат. Ички миграциянын айынан жакынкы шайлоо участогуна катталууну каалаган жарандарды партиялар өз карамагына алып, добушун көзөмөлдөө үчүн колдонуп жатат. Бул тууралуу соц тармакка Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиевдин жазган маалыматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

«Шайлоодогу Форма 2 деген документтин негизги идеясы бул шайлоочу ички миграция боюнча учету башка жерде болсо да, убактылуу жашаган жеринде добуш берүүгө укук алуу болчу. Бирок, бул ыкманы кээ бир партиялар өз кызыкчылыгы үчүн, өз электоратын сатып алууга жана алардын добушун көзөмөлдөөгө багытталган ыкма катары колдонуп жатканы бул акмакчылык», -деди Акматалиев.

 БШК бул боюнча ыкчам чечим кабыл алып, бул Форма 2 документин токтотуш керек деди. Бул ыкма массалык көрүнүшкө айланып кетсе, анда шайлоонун жыйынтыгына сөзсүз доо кетерин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-akmataliev-partiyalar-forma-2-dokumentin-shajloochulardyn-dobushun-kzmldg-bagyttalgan-ykma-katary-koldonup-zhatat



Добавить комментарий

  • Туура кайрылу бышыкадан кандидаттар ел да талап кылбаса форма 2-ге ишеним жок.