Алмазбек Акматалиев: "Камерага түшпөөнүн аракетин кыла берип, илимге ачылыш жасайбызбы деп корко баштадым..."

12 февраля 2019 23:18 2825 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok


Бүгүн, 12-февралдан баштап "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирди. Бул долбоордун айланасында интернет барактарда ар түрдүү сындар жана тамашалар айтылууда. Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев да өз пикирин билдирди. Ал фейсбуктагы жеке баракчасына:

"Эми, кыргыздар укмуш таланттуу элбиз да! Көрөсүңөр: камераларга кантип фиксация болбош керек деген "профессионалдуу" кеңештер боло баштайт жакында. Жакында антирадар сыяктуу антикамера деген теxникаларды сунуш кыла баштайт. Же, машиненин номурун көрүнтпөй коюунун жолун издей баштайбыз! Кыскасы, эрежени сактоонун ордуна, видеокамерага кантип түшпөй калуу мүмкүн деген талаштар башталат. Бир анекдотту эстеп кеттим: япондор биздин килтейген БелАз сыяктуу машинелерди көрүп алып, айтат дейт:

- бул советтер жолду жакшылап салбоонун шылтоосун издей берип, БелАздай килтейген машинелерди чыгара башташыптыр деп. Биз да камерага түшпөөнүн аракетин кыла берип, илимге чоң ачылыш жасап жиберебизби деп корко баштадым", -деп пост жазып чыкты.

Ал эми башка интернет колдонуучулары "өкмөт туура кылат", "биз башка өлкөлөрдөн үлгү  алып, эрежени бузбашыбыз керек" деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышууда.

Эске салсак "Коорсуз шаар" долбоору боюнча камералар шаардын 10 кечилишине орнотулуп алар 7 эреже бузууну көзөмөлдөй баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-akmataliev-kameraga-tshpnn-araketin-kyla-berip-ilimge-achylysh-zhasajbyzby-dep-korko-bashtadym



Добавить комментарий