Алмамбет Шыкмаматов: парламент олуттуу чечимдерди кабыл алууда жогору жакты карайт
Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов 6-чакырылыштагы парламент резонанстуу чечимдерди кабыл алууда жогору жакка карап түздөнүп, анан чечим кабыл алган учурлар көп эле болгонун айтты. Ал мындай пикирин "Парламентаризм сабактары" аттуу берүүдө билдирген.
"Резонанс жараткан чоң-чоң маселелерде албетте президенттин администрациясынын, керек болсо өкмөттүн таасири күч болуп, парламент кылчактап чечимдерди кабыл алууда жогору жакка карап түздөнүп, чечим кабыл алган учурлар көп эле болду", — деди ал.
Депутат андан сырткары парламенттин эки жакка кылчактабай кабыл алынган чечимдери көп эле болгонун айтты. Бирок алар эки жакка айтылбагандыктан билинбей калып жатат. Себеби ал чечимдер коомдо резонанс жараткан жок.
"Мисалы, парламент жумасына эки жолу 100дөгөн чечимдерди кабыл алат. Ошонун көпчүлүгү эки жакка кылчактабай эле кабыл алынган чечимдер. Болгону алар коомдо чоң талкууну жаратпайт", — деди экс-депутат.
Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен кызыкчылыктары келишпей калгандыктан партиянын катарынан чыгып, депутаттык мандаттан дагы баш тарткан болчу.
Добавить комментарий ×