Алайда кар көчкү түшүп, мал карап жүргөн 14 жашар бала табылбай жатат

5 апреля 2021 09:48 3263 Barometr
Поделиться в:
ok

Алайдын Терек айылында кар көчкү түшкөн, мал издеген жаш бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Алай районундагы Белекбаев айыл аймагына караштуу Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007- жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон. 

Кечээ, 4-апрелде  жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 30 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, мындан сырткары жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Бирок, натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 5- апрельде издөө улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/alajda-kar-kchk-tshp-mal-karap-zhrgn-14-zhashar-bala-izdelip-zhatat



Добавить комментарий