"Акыйнек айтышуу" Илим Карыпбеков Бек Борбиевге кайра жооп берди
Бек Борбиев менен Илим Карыпбеков 31-декабрь, жаңы жыл түнү КТРКдан берилген президенттин куттуктоосу чыккан күндөн бери "акыйнек" айтышып келет десек болчудай. Жетекчи менен ырчынын ортосундагы чыр интернет баракчалар аркылуу гана болуп жатканы маалым.
Бек Борбиевдин акыркы постуна Илим Карыпбеков кайрадан пост аркылуу жооп берди. Ал өз постунда:
"Оииий! "Акыя Акыя Берадор байкебизден бир шиңгил болдук го"!
Урматтуу Берадор байке! Мага жакшы таалим берип жатканыңызга ыраазычылык билдирем. Мен эми Сиздей билимдүү, интриган эмес, ички дүйнөсү кең, ою түз, кошоматтан алыс, көп жакшылык кылган, манкурт эмес болгонго аябай аракет кылам!
А Сизге чыгармачылык ийгилик, денсоолук, аманчылык, ар тараптуу көрөгөчтүүлүк жана мага ойлогон жаманчылыктарыңыз Сизге толугу менен жакшылык болуп кайрылып келишин, анан ар дайым ушунуңуздан жазбай бийик болуп жүрө берүүңүздү каалайм! Аман болуңуз!" -деп жазды.
Ал эми коомчулук эки жаатка бөлүнүп, бири ырчыны жактаса экинчиси жетекчини колдоп кубаттап жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/akyjnek-ajtyshuu-ilim-karypbekov-bek-borbievge-zhoop-berdi
Добавить комментарий ×