Бек Борбиев: "КТРКга көз каранды ырчы болгон эмесмин, болбойм дагы"

4 январь 2019 00:09 5529 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президенттин куттуктоосу тууралуу тартылган видео үчүн ырчы Бек Борбиев менен КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков социалдык тармактар аркылуу акыйнек айтышты десек жарашчудай. Дегенибиз, эки күндөн бери бири жазган постко экинчиси жооп берип, эми ырчы Бек Борбиев кантип элге таанылганы тууралуу агынан жарылып, бир төгүлдү. 

"Чогуу иштеген кесиптештериң сени көрөйүн деген көзү жок экендигин билебиз. Керек болсо Илимди кубалап чыкмакпыз, бир аз убактысы калды сыйы менен кетсин деп ызырынгандарды өзүң  да жакшы билсең керек. Бул жерде КТРК эмес, анын башында турган, азыркы Ажонун командасы болумуш болуп иштеп жаткан, жеке сенин күнөөң экени бул айдан ачык.
Бекти Бек кылган КТРК деп аңкылдаптырсын. Менин кантип Бек болгонум жөнүндө маалыматын жок болгон соң, билгендерден сурасаң болмок. Сагын Ниязалиева эже билет. Мен 1990- жылы Ош шаарынан жөнөкөй эле кассета аркылуу ырларым тарап, жалпы Кыргызстанга белгилүү болгом"-деп жазган. 

Ошондой эле ырчы Атамбаевдин убагында 7 жыл КТРК телеканалына чыкпаганын айткан. "Айланып кет, тегеренип кет"-деген сөздөрдү аялдар айтып урушат, Кылычбек Султан менен барып айтыш деп кошумчалап жазды ырчы Бек Борбиев.

Эске салсак, жыл жаңыргандан баштап эле ажонун куттуктоосу тууралуу ырчы Бек Борбиев менен коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков бири-биринин айыбын чукушуп, социалдык тармактар аркылуу айтышып жатышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-ktrkga-kz-karandy-yrchy-bolgon-emesmin-bolbojm-dagy



Добавить комментарий