Ак-Босогодо аялды тоноп кеткен жаран кармалды
Поделиться в:
Каракчылык менен кол салууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган маалыматка таянсак, 14-сентябрда Ак-Босого жаңы конушунда кечки саат 7лер чамасында жергиликтүү тургундун үйүнө белгисиз адам кирип келген. Ал электрошокер менен аялды коркутуп, бети-колун скотч менен чаптап жана 12 миң сомун алып кеткен.
Биринчи май райондук ИИБинин ыкчам иликтөөчүлөрү 2000-жылы туулган О.А.ны кармады, ал учурда убактылуу кармоочу жайга камалды.
Тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-bosogodo-ayaldy-tonop-ketken-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×