Кыргызстанда киши өлтүрүү, зордуктоо, тоноо боюнча кылмыштардын саны көбөйдү

28 июля 2021 17:27 1733 Barometr
Поделиться в:
ok

2021-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда 23,5 миң кылмыш катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,5 эсеге жогору. Бул тууралуу Башкы прокуратурага шилтеме кылуу менен Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Кылмыштардын көбү же болбосо 61 пайыздан ашыгы Бишкек шаарында жана Чүй областында катталган.

Анын ичинен 2 миңден ашык кылмыш же кылмыштардын 11 пайызы оор жана өтө оор кылмыштар болуп эсептелет. 2020-жылдын январь-июнь айына салыштырганда республикада уурдоо 1,5 эсеге, алдамчылык 2,1 эсеге, тоноо 24,5 пайызга көбөйгөн.

Киши өлтүрүү кылмыштарынын саны 26 пайызга, зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу кылмыштары 34 пайызга, ден соолукка оор залал келтирүү 6 пайызга жогорулаган.

Ошондой эле кызматтык кылмыштар, пара алуу, баңгизатын мыйзамсыз сатууга байланыштуу кылмыштардын саны өскөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kishi-ltr-zorduktoo-tonoo-boyuncha-kylmyshtardyn-sany-kbjd



Добавить комментарий