Айзаданын аянычтуу өлүмү. БУУ кыз ала качуу Кыргызстанда чоң көйгөй экенин айтты

9 апреля 2021 13:13 829 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен Улуттар Уюму Айзада Канатбекованын ала качууга дуушар болуп, өлтүрүлүшү боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу кабар кыздарды күч менен никеге тургузуу үчүн ала качуу тажрыйбасын тез арада токтотуу зарыл экенин жазылган. 

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бардык тийиштүү органдарды бул кандуу окуяга тез арада чара көрүүгө, натыйжалуу жана ыкчам иликтөөнү камсыз кылууга чакырды.

"Президент Садыр Жапаров менен премьер-министр Улукбек Марипов расмий билдирүүлөрүндө Айзада Канатбекованын өлүмүн алдын алса боло турган улуттук трагедия катары сыпаттады. БУУ бул билдирүүлөрдү кубаттайт. Уюм аялдарга жана кыздарга карата көрсөтүлгөн зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, БУУнун билдирүүсүндө Кыргызстанда никеге мажбурлоо чоң көйгөй бойдон калууда. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 20-24 жаштагы аялдардын 13 пайызы 18 жашка чейин нике курушары айтылат.

Эске сала кетсек, 5-апрель күнү Бишкектин Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен кызды ала качып кетишти деген видео интернетке тараган. Окуядан эки күн өткөндөн кийин, ала качып кетти деп изделип жаткан Айзада Канатбекованын жансыз денеси табылган. Кызды ала качып кеткен Замир Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, анан, өзүн бычак менен сайып өлтүргөнү кабарланган

Бул окуя, коомчулукта милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилесинен улам болгону айтылып, кече, 8-апрелде ИИМдин жана өкмөт үйүнүн алдына жүздөгөн жарандар митинге чыгышты. Нааразычылык акциясына чыккандар ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБнын башчысы Бакыт Матмусаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. 

Ал эми, кече,  8-апрелде маркум Айзада Канатбекованын сөөгү өзү туулуп-өскөн Балыкчы шаарында жерге берилди. 


Ссылка: https://barometr.kg/ajzadanyn-ayanychtuu-lm-buu-ala-kachuuga-duushar-bolup-kaza-bolgon-kyzdyn-lm-tuuraluu-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий