Адылбек Касымалиевдин Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

6 август 2025 12:11 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады.

Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун үчүнчү конференциясына катышып, ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Ошондой эле Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна арналган жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты.

Мындан тышкары Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли, Ливиянын президенттик кеңешинин төрагасы Мохаммед Юнис Ахмед Аль-Менфи менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Иш сапардын соңунда БУУ конференциясына келген делегация башчылары менен биргеликте, Каспий деңизинин боюндагы Аваза туристтик аймагында өткөн "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук күндөрүнүн" маданий иш-чараларына катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/adylbek-kasymalievdin-trkmnstanga-bolgon-ish-sapary-ayaktady



Добавить комментарий