Айыл чарба министрлигине жаш ишкер Илгиз Шаменов келери айтылууда

27 мая 2019 09:50 4286 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Редакциянын өздүк булактардын кабарлашынча бош калган Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жаш ишкер Илгиз Шаменовдун талапкерлиги каралууда.

Илгиз Шаменов Кыргызстандагы эң ири “Тянь-Шань-Форель” балык чарбасынын башкы директору.

Айыл чарба жаатында чон аянттагы жерлерди иштетип, эт багытындагы букаларды баккан ферма иштетери айтылууда.

Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев 24-майда өз арызы менен кызматтан кеткен. Агрардык мамлекет саналган Кыргызстандагы Айыл чарба жана мелиорация министрлиги акыркы жылдары коомчулуктун эң көп сынына кабылган министрлик.

Бош калган министрликке жаш ишкер Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин көрсөтуп, аны Бир Бол фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов колдоду..Ошондой эле фейсбук колдонуучулар Бакытбек Мамыткановдун талапкерлигин көрсөтүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/ajyl-charba-ministrligine-zhash-ishker-ilgiz-shamenov-keleri-ajtyluuda



Добавить комментарий

  • Программасы барбы?бука остуруп,балык бакса эле министр болуш керекби??
  • Азамат, иштеп кетет ким эле асмандан тушуптур эмгекти суйгон,активист,патриот. Канча жылдан бери эле бул тармак аксап келет,жаштарды которуп,комоктошуу керек Кыргызстандын келечегин айыл чарба менен которуу керек да ,Бул багытта жакындан иштеп жургон адамдар бул тармакты онуктуо алат. Жаны инновациялык ачылыштарды кылат да жаштар. Коро албастык кыргызда куч алып, артка тартканды эле билебиз.Мамлекет учун эмне кылдым, деп ойлонгон киши жок. Ийгилик каалайм,позитивдуу ишкер!👍👍👍