Зыяндуу чегирткелерге каршы күрөш күчөтүлдү
Кыргызстандын аймагында зыяндуу чегирткелерди аныктоо боюнча изилдөө иштери жана аларга каршы химиялык иштетүүлөр жүргүзүлүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти дыйкан-фермерлерди жана малчыларды өз аймагында зыяндуу чегирткелер байкалган учурда адистерге өз убагында кабар берүүгө чакырат.
Чегирткелер – табигый жол менен жыл сайын чыгуучу зыянкечтер. Алар Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде кездешет. Айрыкча, мурда көп кездешкен «тарыхый очоктордо» жыл сайын өз убагында активдешет. Мындай аймактар Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас жана Нарын облустарында жайгашкан.
Өлкө боюнча зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүүдө заманбап техникалар жана адистер активдүү тартылган. Учурда 9 даана “Микронер АУ-8115М” уу чачуучу аппараттары жана 6 даана трактордук уу чачкычтар пайдаланып жатат.
Чегиртке менен күрөшүү иштери заманбап техникалар менен жүргүзүлүп, акыркы муундагы инсектициддер - пиретроиддер колдонулууда. Бул каражаттар чегирткеге каршы жогорку таасир этет жана экологиялык коопсуздук талаптарына жооп берет.
Чегирткеге каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу учуру — личинка фазасынын 2–3 жашы (возраст). Бул стадияда алар жер бетинде басып жүрүп, пестицидге сезимтал болушат.
Эгерде сиз өз аймагыңызда чегирткелердин топторун байкасаңыз, дароо Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине же айыл өкмөтүнө кайрылууңуз зарыл. Сиздин убагында берген маалыматыңыз – чоң зыяндын алдын алат.
Кайрылуу телефондору:
- 0558 533-855
- 0772 762-294
Ссылка: https://barometr.kg/zyyanduu-chegirtkelerge-karshy-krsh-kchtld
Добавить комментарий ×