Кыргызстан азык-түлүк жаатында өзүн үч позиция менен гана камсыздай алат
Кыргызстан бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугу боюнча өзүн үч позиция боюнча толук камсыздай алат. Бул тууралуу Бишкекте болгон брифингде Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
“Биз өзүбүздү сүт жана анын кайра иштетилген азыктары менен толук камсыздай алабыз. Орточо эсеп менен бир жылда бир кыргызстандыкка 198 килограммдык сүт азыктары зарыл жана биз аларды экспортко дагы чыгарабыз. Ошондой эле өзүбүздү картошка жана жашылчалар менен толук камсыздап, аларды дагы экспортко чыгара алабыз. Калган азыктар менен биз өзүбүздү 100 пайызга камсыздай албайбыз”,- деп айтты министр.
Министр белгилегендей, республика эт менен 68 пайызга камсыз болот, кум шекерди 58 пайыз, тооктун жумурткасын 50 пайыз, өсүмдүк майын 20 пайызга камсыздайт, калганы импорттолот.
“Кыргызстанда ошондой эле балыкты колдонуу көбөйүп жатат”,-деп кошумчалады министр.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-azyk-tlk-zhaatynda-zn-ch-poziciya-menen-gana-kamsyzdaj-alat
Добавить комментарий ×