Айсулуу Тыныбекова: Тууну кармап жеңишке жетүү ар бир спортчунун кыялы
Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Бул тууралуу балбан кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Ар бир эл аралык мелдеште жеңишке жетип, өлкө гимни жаңырып, мамлекеттик туу көтөрүлүп жаткандагы сезимдерди жана эмоцияларды сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес.
Тууну кармап жеңишке жетүү ар бир спортчунун кыялы. Кудайым баарыбызды жеңишке жеткирсин.
Туу көтөрөөр азаматтарыбыз көп болуп, туубуз бийик болсун.
Майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм", - деп жазды Тыныбекова.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3- мартта мамлекеттик туубуздун кабыл алынганына туура 29 жыл болуп, майрамдык иш-чаралар өттү.
Эске сала кетсек, жакында эле Айсулуу Тыныбекова Украинада өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстанга дагы бир алтын медаль алып келди.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-tuunu-karmap-zheishke-zhet-ar-bir-sportchunun-kyyaly
Добавить комментарий ×