Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингинде алгачкы ирет биринчиге чыкты
Кыздар күрөшүшү чебери Айсулуу Тыныбекова мыкты балбандардын рейтингинде дүйнөдө биринчи орунга чыкты.
Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жаңыланган рейтингинде айтылат.
Жаңы рейтинг Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен чыгарылган. Айсулуу 62 кило салмакта дүйнө чемпиону болуп, алтын байге тагынган. Бул ийгилиги менен ал карьерасында алгачкы ирет дүйнөлүк рейтингде көч баштоодо.
Дүйнө биринчилигинен кийин анын топтогон упайы 94кө жетип, ишенимдүү түрдө биринчи сапка чыкты. Айсулуудан жеңилип күмүш медал алган болгариялык Тайбе Мустафа Юсейн 76 упай менен экинчи катарда. Ал эми Нур-Султандагы мелдеште коло байгеге татыган швециялык Хенна Катарина Йоханссон 57 упайы менен үчүнчүгө жайгашты.
Айсулуудан башка кыргызстандын балбан кыз жаңы рейтингдеги ТОП-20га кирген жок.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-djnlk-rejtinginde-algachky-iret-birinchige-chykty
Добавить комментарий ×