Аида Салянованы жасалма дем алдырып жатышат
Экс-башкы прокурор Аида Салянова пневмония болду. Бул тууралуу анын бир тууганы Чинара Турдалиева маалымдады.
Дарыгерлер аны Бишкектин №1-убактылуу тергөө абагына которууга тыюу салышууда.
Турдалиева дарыгерлердин айткандарына таянуу менен Аида Салянова палатага которулганын кабарлады. Аны маал-маалы менен өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуп жатышат.
“Дарыгерлер аны инфаркт болор алдындагы абалда экенин белгилешип, клиникада калтырууну сунушташууда. Азырынча абалы туруктуу эмес”,-деп билдирди Турдалиева.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык соту Аида Салянованы 26 –августка чейин камакта калтырган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган экс-башкы прокурор Аида Салянованын жакындары 15-июнда ал кармалып жаткан 1-СИЗОго тез жардам чакыртышып, ооруканага жаткырышкан.
Дарыгерлердин айтымында Салянованын жүрөк оорусу күчөп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanovany-zhasalma-dem-aldyryp-zhatyshat
Добавить комментарий ×