“Аида Касымалиева Социалдык өнүгүү министри болобу?” деген кептер боюнча депутат жооп берди

9 октября 2018 12:00 1276 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Жогорку Кеңештин депутаты  Аида Касымалиева буга чейин айтылып жаткан  айрым маалымат каражаттарында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Аида Касымалиева барат экен деген маалыматтарга жооп берди.

"Менин бул кызматка барайын деген оюм жок. Кызмат мени кызыктырбайт. Бул жөн гана министрликтин теманы башка жака бургусу келген аракети деп ойлойм. Мен системдик маселелерди чечүүнү көздөөдөмүн.  

Социалдык өнүктүрүү министрлиги кимдир бирөөлөрдүн класификациясын жогорулатуу үчүн колодоно турган жер эмес.  Бул калктын аярлуу  бөлүмдөрүндө  иштей турган түйшүктүү мекеме.   Ушундай оор   тармактагы абалды жөнгө салуу үчүн канча убакыт талап кылынаарын билбейм. Аталган министрлик   саясий күрөштүн инструменти эмес. Андыктан бул тармакка мамлекеттин жүзү болуш үчүн кесипкөй адистерди тандоо керек.” дейт Касымалиева.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке максаттарына пайдаланышканын айткан. Мындан улам Башкы прокуратура бул боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп, аталган министрликтин кызматкер айымдары чет жака мыйзамсыз чыккандыгын аныктаган.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-kasymalieva-socialdyk-ng-ministri-bolobu-degen-kepter-boyuncha-deputat-zhoop-berdi



Добавить комментарий