Ахматбек Келдибеков Исмаил Матраимов фондун “Раим ата фонду” деп айтып алды

2 мая 2019 12:13 2082 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө экс-спикер Ахматбек Келдибековдун  Исмаил Матраимов фондунун турниринде сүйлөгөн сөздөрүнүн үзүндүсү жарыяланды.

Ал катышуучуларга “ийгиликтүү жигиттердин дайыма душмандары болот, алар дайыма талкуулап, бут тосуп турушат”,-деп кайрылды.  Ал ошондой эле Исмаил Матраимов фондун “Раим ата фонду” деп айтып алды. Уккандар күлүп жиберишти. Келдибеков  уялып кетип “Болочокто чындап эле Раим-ата фонду пайда болот”,-деп айтты. Ал Матримовдорду буга окшогон турнирди өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.    

Эскерте кетсек, өткөн жылы сентябрда Ахматбек Келдибековдун уулу үйлөнүп жаштарга Раим Матраимовду өкүл ата койгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ahmatbek-keldibekov-matraimovdun-turniri-zhnnd-ijgilikt-zhigitti-dajyma-talkuulashat



Добавить комментарий