Adidas Reebok брендин сатыкка койду

17 февраля 2021 09:47 6844 Barometr
Поделиться в:
ok

Германиялык спорттук товарларды өндүрүүчү Adidas компаниясы америкалык Reebok брендинин сатыкка коюлганын жарыялады. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасынын маалыматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

"Кылдаттык менен жүргүзүлгөн анализден кийин, биз Reebok жана Adidas өзүлөрүнүн өсүү мүмкүнчүлүктөрүн бири-бирине көз карандысыз түрдө кыйла жакшыраак ишке ашыра алат деген бүтүмгө келдик. Жакынкы айларда биз Reebok брендинин жана анын артында турган команданын ийгиликтүү келечегин камсыз кылуу үчүн көп күч-аракет жумшайбыз”, - деди Adidas компаниясынын башкы директору Каспер Рорштед.

Компаниянын сайтында жарыяланган билдирүүгө ылайык, Германиянын өндүрүүчүсү мындай чечимди жаңы беш жылдык стратегияны иштеп чыгуу учурунда кабыл алган.

2021-жылдын биринчи чейрегинен баштап, Reebok сатыкка коюлат. Андан кийин Adidas эл аралык спорттук товарлар рыногунда өз брендинин позициясын андан ары чыңдоого көңүл бурууну пландаштырууда. Adidas компаниясынын 2025-жылга чейинки стратегиялык бизнес планы жөнүндө көбүрөөк маалымат 2021-жылдын 10-мартында инвесторлорго виртуалдык презентация учурунда көрсөтүлөт.

Эске сала кетсек, Adidas Reebok брендин 2006-жылы 3,8 миллиард долларга сатып алган.

Ссылка: https://barometr.kg/adidas-reebok-brendin-satykka-kojdu



Добавить комментарий