Кыргызстандын экспортун өнүктүрүү: экспорттоочулар үчүн жаңы куралдар

22 октября 2025 14:02 Barometr
Поделиться в:
ok

Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланып, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) ишке ашырып жаткан «Соодага көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун (V-фаза) алкагында, Кыргызстандын микро-, чакан жана орто ишканаларынын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган заманбап практикалык материалдар комплекси даярдалды.

Жаңы практикалык колдонмолор, окутуучу видеолор жана документтердин шаблондору атайын Кыргызстандын экспорттоочулары үчүн иштелип чыкты — экспортко жаңы чыккан ишкерлер үчүн да, эл аралык рынокто иштеп жаткан компаниялар үчүн да. Бул материалдар экспорттук ишмердүүлүктүн толук циклин камтыйт — экспортко даярдыкты баалоодон жана өнөктөштөрдү издөөдөн тартып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, келишим түзүү жана эл аралык жеткирүүлөрдү уюштурууга чейин.

Даярдалган материалдар төмөнкүлөрдү камтыйт:

Экспорттук процедуралар, сүйлөшүүлөр жана эл аралык көргөзмөлөр менен B2B жолугушуулар боюнча кадам-кадам практикалык колдонмолор;

Эксперттердин сунуштары жана кыргыз компанияларынын ийгиликтүү мисалдары бар окутуучу видеолор;

Экспорттук документтердин, келишимдердин жана коммерциялык сунуштардын эл аралык стандарттарга жана импорттоочу өлкөлөрдүн талаптарына ылайыкташтырылган шаблондору;

Экспортко даярдыкты баалоо жана бүтүмдүн этаптарын көзөмөлдөө үчүн чек-листтер жана формалар;

Кыргыз товарлары менен кызматтарын чет өлкөлөрдө илгерилетүү үчүн презентация жана маркетинг шаблондору — айыл чарба продукциясынан жана балдан тартып, текстиль, туризм жана IT тармагына чейин.

Материалдардын өзгөчөлүктөрү
Бардык материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана чет өлкөлөрдүн продукция импорттоо боюнча талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан — анын ичинде сертификациялык, санитардык, таңгактоо жана бажы стандарттары камтылган. Материалдарды даярдоодо максаттуу рыноктордун маданий өзгөчөлүктөрү жана кыргыз экспорттоочулары туш болгон практикалык көйгөйлөр эске алынган.

Бул ресурстар ишкерлер үчүн практикалык колдонмо болуп, төмөнкүлөргө жардам берет:

эл аралык талаптарды түшүнүүгө жана аткарууга;

экспорттук документтерди жана келишимдерди туура даярдоого;

кыргыз продукциясын чет өлкөлөрдө натыйжалуу илгерилетүүгө;

туруктуу өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана экспорт географиясын кеңейтүүгө.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда жана «Кыргызстанда өндүрүлгөн» улуттук экспорттук программасынын (2025–2028-жылдар) максаттарына ылайык жүргүзүлүүдө.

Биргелешкен иш улуттук өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө, алардын эл аралык рыноктогу атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана ишкерлердин компетенциясын өнүктүрүүдөн тартып, эл аралык сапат стандарттарын киргизүүгө жана кыргыз товарлары менен кызматтарынын чет өлкөлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Бардык материалдар онлайн жеткиликтүү жана ачык форматта жайгаштырылган. Таанышуу үчүн QR-кодду сканерлеңиз же www.export.gov.kg жана www.cci.kg сайттарына кириңиз.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-eksportun-nktr-eksporttoochular-chn-zhay-kuraldar



Добавить комментарий