Адам менен айбандын ортосундагы байланышты чагылдырган «ак илбирс» спектакли, балдарга тартууланды
Адам менен айбандын ортосундагы байланышты чагылдырган «ак илбирс» спектакли, балдарга тартууланды Кыргыз эл артисткасы, кино жана театр чебери Жамал Сейдакматова жана анын устаттарынын катышуусундагы “ак илбирс” спектакли Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө жергиликтүү өспүрүмдөргө тартууланды. Адам менен табигаттын тыгыз мамилесин баяндаган бул чыгарманы балдар кызыгуу менен көрүп, андагы айрым эпизоддогу жоготууларга байланыштуу кийинекей көрөрмандар көздөрүнө жаш алып да жатышты. Спектаклдин башкы максаты – адам менен жаратылыштын ортосундагы айрылгыс байланышты, гармонияны бузуп жаткан көйгөйлөрдү элдин аң сезимине жеткирүү болуп саналат. Ошондой эле саны кескин кыскарып бара жаткан Ала-тоонун айбанаттарын сактап калууга элди чакырат.
Добавить комментарий ×