Кыргыз эли кайталангыс талант Жамал Сейдакматова менен коштошуп жатат (түз эфир)

17 февраля 2021 10:42 8740 Barometr
Поделиться в:
ok



Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргызстандын Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Кайталангыс улуу талантты акыркы сапарга узатуу зыйнатына замандаштары, кыргыз маданиятынын каймактары, окуучулары жана калдайган калың эли келди.

Президентибиз Садыр Жапаровдун көңүл айтуу катын президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев окуду.

"Кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады. Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнөдөн өттү. Жамал апабыз улуу актриса катары калкка эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди. Кайталангыс талантка чет элдик режиссёрлорда өз баасын берип келген. Сахна жана театр жылдызы Жамал Сейдакматованын жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм", - деп жазылган.

Сейдакматова бир эле кыргыз элинин жылдызы гана болбостон коңшу жана алыскы өлкөлөргө да атагы чыккан театр жылдызы катары таанылып калган. Улуу талантыбыздын дүйнө салгандыгынан улам Түркия элинин атынан көңүл айтуу катын жазуучу жана драматург Султан Раев окуду.

“Жамал эже бир эле кыргыз элинин гана эмес бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн таланттуу кызы катары жашап өттү. Бүт өмүрүн киного жана театрга арнап, сахнадан акыркы сапарга узады. Өмүрүнүн акырына чейин чыгармачылыгынан алыстаган жок. Бир нече жаш таланттарды тарбиялап, жол көрсөтүп кетти”, - деди Раев.

Кыргыздын таланттуу актрисасы, театр жылдызы Жамал Сейдакматова 16-февралда таңга жуук катуу оорудан улам 82 жаш курагында каза болду.

Чыгармачылык жолу бир чети татаал, бир чети ардактуу болду. Ал бир нече эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктарга татыды. 

2016-жылы Лондон шаарындагы эл аралык театр фестивалында Жамал Сейдакматовага «Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы» номинациясы берилген.

Залкар актрисанын эмгеги жогору бааланып, 1976-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамына татыктуу болгон.

1986-жылы Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасында Каныкейдин образын эң мыкты жараткандыгы үчүн Токтогул атындагы сыйлык ыйгарылган. 2003-жылы III даражадагы «Манас» ордени, 2019-жылы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. "Түрксой" эл аралык уюмунун Алтын медалын алган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-eli-kajtalangys-talant-zhamal-sejdakmatova-menen-koshtoshup-zhatyshat-tz-efir



Добавить комментарий