Атактуу актриса Жамал Сейдакматованын эстелиги коюулду
Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык- Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлкан Молдобекова УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев, белгилүү коомдук – маданий ишмерлер жана туугандары катышты.
Эстеликтин ачылышында «Кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө кошкон салымы, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган өрнөктүү өмүрү эскерилди.
Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыкпай эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди. Кыргыз сахнасында Катаринанын, Дездемонанын, Найман эненин, Кишимжандын жана башка каармандардын мыкты образдарын жаратканы менен элдин эсинде калды.
Ссылка: https://barometr.kg/ataktuu-aktrisa-zhamal-sejdakmatovanyn-esteligi-ornotuldu
Добавить комментарий ×