Абылгазиев: Суу ресурстарына байбыз, аны сарамжалдуу колдонууну камсыз кылуубуз керек
Агрардык секторго заманбап технологияларды пайдалануу айыл чарба тармагынын ата мекендик экономиканын локомотиви болуусун шарттайт. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарында билдирди.
Өкмөт башчы жазгы талаа иштеринин жүрүшү жана ирригациялык объектилердин абалын көрдү.
Муну менен катар Абылгазиев Ысык-Ата районундагы Киргшелк жана Жээк айыл аймагындагы ирригациялык түйүндөрдү реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
«Жер, суу жана жагымдуу климаттык шарт – бул биздин башкы байлыгыбыз. Акыркы учурларда биз ирригация маселесин жөнгө салуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө маани берип келе жатабыз. Өлкөбүздөгү бардык айылдарга сугат суусу жеткендей болуш керек. Ирригациялык объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жогоруда айтылган максатка жетүүгө мүмкүндүк берерине ишенем. Суу ресурстарына байбыз, аны жергиликтүү агроөнөр жай комплексинин өнүгүшү үчүн сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуубуз керек», -деди премьер-министр.
Ошондой эле премьер-министр Ысык-Ата районундагы экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү боюнча иш алып барган фермердик чарбага барып, анын айдоо аянтын көрдү.
Премьер-министр жазгы-талаа иштерин тиешелүү деңгээлде өткөрүүгө, ирригацияны өнүктүрүүгө жана айыл чарба долбоорлорун илгерилетүүгө тийиштүү бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Добавить комментарий ×